Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:15

Кыргызстандын футзал боюнча командасы Ливан командасы менен тең чыкты


Кыргызстан-Ливан курама командаларынын мелдеши.
Кыргызстан-Ливан курама командаларынын мелдеши.

Азия чемпиондугунда Кыргызстандын улуттук курама командасы Ливандын курама командасы менен ойноп, оюн 4:4 эсебинде аяктады.

Оюндун биринчи бөлүгүндө кыргыз футзалчылары 0:2 эсебинде алдыда келе жатышкан. Экинчи таймда кырдаал өзгөрүп оюн бүтөрүнө саналуу секунддар калганда ливандыктар 4:3 эсебинде алдыга чыгышты. Күтүүсүздөн Ливан оюнчусу Ахмат Хейрелдин катачылыкка жол бергенинен пайдаланып Максатбек Алимов топту Ливан дарбазасына киргизе тээп, эсепти теңөөгө үлгүрдү.

Кыргыз тарапка тиешелүү голдорду Руслан Эрмеков, Уланбек Байгазы уулу жана Максатбек Алимов (эки жолу) киргизишти.

Кыргызстандын командасы 12-февралда Өзбекстандын курама командасы менен беттешет. 14-февралда Сауд Арабиясынын футзалчылары менен оюн талаасына чыгышат. Оюндарды Кыргызстандын аймагынан КТРК Спорт телеканалы аркылуу көрүүгө болот. Башталышы саат 19:45.

10-февралда башталган футзал боюнча 2016-жылдагы Азия чемпиондугунун оюндары Өзбекстандын Ташкен шаарындагы “Узбекистан” спорт комплексинде өтүүдө. Мелдештер 21-февралга чейин уланат. (ECh.)

XS
SM
MD
LG