Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин эсебинде ушул тапта Кыргызстанда аз камсыз болгон 99 миң 950 үй-бүлө расмий каттоого алынып, мамлекеттен алардын балдарына жөлөк пул берилет. Аталган мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, андай үй-бүлөлөрдүн эң көбү Жалал-Абад облусунда – 34 миң 411. Ош облусунда 32 миң 560 үй-бүлөнүн колу жука болсо, Баткенде 13 миң 657, Нарында 8 миң 528, Ысык-Көлдө 3599, Чүйдө 1445, Таласта 4 миң 770, Бишкек шаарында 980 үй-бүлө өкмөттүн колдоосуна муктаж.
Эң ири жөлөк пул Нарын облусундагыларга берилет. Жашоо-шартка байланыштуу бул облустагы аз камсыз болгон үй-бүлөдөгү ар бир балага 1014 сомдон акча бөлүнгөн. Башка аймактарда 1000 сомго жетпейт. (SE)