Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:06

Туск: Брюсселдеги саммиттин башкы максаты качкындардын агымын токтотуу


Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск
Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск

Брюсселде өтүп жаткан Евробиримдик-Түркия саммитинин башкы максаты Жакынкы Чыгыштан Европага агылган качкындардын санын кыскартуу. Бул тууралуу Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск билдирди. Туск Европа кабылган миграция көйгөйүн чечүү үчүн бир гана Түркия менен сүйлөшүүлөр жетишсиз экенин кошумчалады. Анын айтымында, Евробиримдиктин тышкы чек араларына катаал көзөмөл киргизүү керек, болбосо Шенген аймагынын ичинде ээн-эркин жүрүү доору аягына чыгат.

Евробиримдиктин лидерлери менен жолугушууга Брюсселге Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу келди.

Еврошаркет жакынкы эки жылда чек ара көзөмөлүн күчөтүү жана чек аралаш аймактардагы качкындар лагерлериндеги шарттарды жакшыртуу үчүн Түркияга 3 миллиард евро бөлүп берери маалым болду.

Быйыл Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүнөн Евробиримдикке кирген качкындардын саны 900 миңден ашты.

XS
SM
MD
LG