Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Британ коргоо министри Лондондо теракт коркунучу бар экенин эскертти


Майкл Фэллон
Майкл Фэллон

Париждегидей кол салуулар Лондондо, Манчестерде же Глазгодо оңой эле болушу мүмкүндүгүн Улуу Британиянын коргоо министри Майкл Фэллон Sunday Telegraph геизитине берген маегинде эскертти. “Ислам мамлекети” Бириккен королдукка кол салуу ыктымалдуулугу жогору, биз аларга жооп кайтарышыбыз керек" деди ал.

Ал “Ислам мамлекети” радикал тобуна күч менен гана каршы туруу мүмкүндүгүн айтып, аларга каршы авиасокку уруу боюнча парламенттин макулдугун алууга аракет кыларын кошумчалады.

Британ парламенти 2013-жылдан бери ИМГе каршы авиасокку урууга макулдук бербей карманып келет. Премьер-министр Дэвид Кэмерон исламисттерди бомбалоо демилгесин 25-ноябрда кайрадан көтөргөн. Парламент бул маселеге келаткан жумада добуш берет. Ал арада лондондуктар мындай демилгеге каршы демонстрацияларга чыгышууда.

XS
SM
MD
LG