Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:16

Орусиянын ири туроператорлору Түркияга жолдомо сатууну токтотту


Орусиялык туристтер
Орусиялык туристтер

Орусиянын туроператорлор биримдиги Түркияга эс алуу жолдомолорун сатууну айрым ири компаниялар токтотконун, ошондой эле кээ бир аба каттамдары кыскарганын билдирди.

Биримдиктин вице-президенти Дмитрий Гориндин айтымында, болжол менен 6 миңдей орусиялык атуулдун мурда Түркияга пландап койгон эс алуусу токтомокчу. Азыркы тапта Түркияда 11 миң орусиялык эс алып жүрөт.

Туроператорлор Орусиянын Тышкы иштер министрлиги менен Ростуризм агенттигинин көрсөтмөсүн аткарышууда. Түркияга “Натали турс”, “Пегас туристик”, TEZ TOUR, "Библио Глобус", "Coral Travel" жана "НТК Интурист" компаниялары жолдомо сатпай калды.

Орус Тышкы иштер министрлиги Түркия-Сирия чек арасында Орусиянын Су-24 истребители атылгандан кийин атуулдарды Түркияга барып эс алууну токтото турууга чакырган.

XS
SM
MD
LG