Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:03

Кыргызстандын архивинде 4,5 млн. кагаз документ сакталат


Бул тууралуу бүгүн Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Архив агенттигинин ишин оптимизациялоо маселеси боюнча өткөн жыйында айтылды. Маалыматка караганда, бул тутумда 65 архив иштесе, анда 1831-жылдан азыркы учурга чейин 4 млн. 300 кагаз документ сакталат. Документтердин көлөмү жыл сайын көбөйүп, орун жетишпей жатканы айтылды. Буга байланыштуу премьер-министр Темир Сариев бул тармакты өнүктүрүү, маселени чечүү тапшырмасын берди. Архив жана муйзейлерде кыргыздар, Кыргызстан тууралуу документтерди сактоо үчүн тийиштүү шарттарды көрүү зарылдыгын айтты. Мындан сырткары тиешелүү мекемелерге тарыхый документтерди санарипке өткөрүү үчүн борбор түзүү концепциясын ишке ашырууга донордук каражат табууну тапшырды. Бул тууралуу “Азаттыкка” өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. (КЕ)

XS
SM
MD
LG