Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:26

2015-жыл эң ысык жыл деп катталды


Бириккен Улуттар Уюмунун Метеорологиялык башкармалыгы 2015-жылдын аба ырайы эң ысык болуп, рекорд койгонун маалымдады.

25-ноябрда чыккан билдирүүдө быйылкы жыл былтыркыга салыштырмалуу өтө ысык болуп, мурдагы жылдардагы климаттык жылуулуктун жогорку көрсөткүчүнө чыкты.

Аталган башкармалыктын башкы катчысы Мишел Жарронун айтымында, планетабыз үчүн бул жакшы жаңылык эмес. 2014-жылы абанын орточо температурасы 14.57 градуска жогору болгон. Климаттык өзгөрүүлөр боюнча БУУ башында турган эл аралык конференция 30-ноябрда Парижде болуп, ага 140 өлкөнүн лидерлери катышат.

Бул иш чарада коопсуздукту камсыздоо үчүн кошумча 11 миң полиция кызматкери иштемекчи.

XS
SM
MD
LG