Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Кыргызстанда кыз-келиндерге көрсөтүлгөн зомбулукка каршы өнөктүк башталды


Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукка каршы өткөрүлгөн акция, 2013-жыл
Кыргызстанда аялдарга карата зомбулукка каршы өткөрүлгөн акция, 2013-жыл

Бүгүн - аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга карата Кыргызстанда 16 күндүк өнөктүк башталды. 10-декабрга чейин өткөрүлө турган акцияда кыргыз коомчулугуна аялдардын укуктары, бул багыттагы мыйзамдар, үй-бүлөдөгү зомбулуктун кесепеттери тууралуу маалыматтар берилет. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова билдирди.

Өнөктүк алкагында өлкөнүн бардык аймактарында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукту, кыз алуу качууну токтотууга арналган талкуу, флешмоб акция, семинарлар өткөрүлмөкчү.

Буга чейин Кризистик борборлор ассоциациясы өз иликтөөсүнө таянып, Кыргызстанда ар бир экинчи аял күйөөсүнүн ур-токмогуна же зордук-зомбулуктун башка түрлөрүнө кабыларын жарыялаган. Бирок укугу бузулган бардык эле кыз-келиндер тартип коргоо органдарына кайрыла беришпейт. Ошол себептүү жоопкерчиликке тартылган учурлар абдан эле аз. (КЕ)

XS
SM
MD
LG