Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:40

Ульяновскто түрк желеги түшүрүлдү


Түрк желеги
Түрк желеги

Орусиянын Ульяновск шаарында 24-ноябрь күнү кечинде жергиликтүү тургундар чогулуп, түркиялык Efes компаниясынын алдында акция өткөрүштү. Маалымат каражаттарынын жазышынча, жергиликтүү жигиттер компания имаратында илинип турган Түркия желегин жулуп алып, имаратка жумуртка ыргытышкан.

Түрк байрагынын ордуна Орусиянын туусун орнотушуп, Efes компаниясынын эшиктерин талкалап, ичкери кирүүгө аракет кылышкан.

Түркия Орусиянын Су-24 бомбалоочу учагын атып түшүргөндөн кийин Москвадагы Түркия элчилигинин алдында да каршылык акциясы өттү. Ал эми Стамбулдагы Орусиянын консулдугунун алдында Москванын Сирияда түркмөндөр жашаган жерлердеги аскерий операцияларын сындаган бир нече киши чогулган эле.

XS
SM
MD
LG