Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Батыш Балкандын сегиз өлкөсүнүн лидери чогулууда


Батыш Балкандагы сегиз өлкөнүн лидерлери бүгүн Загреб шаарында Европаны каптаган качкындардын акыркы акыбалын талкуулоо боюнча чогулмакчы.

АКШнын вице-президенти Жо Байден жана Еврокеңештин төрагасы Дональд Туск да бул жыйынга катышып, экстремисттик террорчулук менен күрөшүүнү талкуулашат.

Жыйынга Албания, Босния, Косово, Македония, Монтенегро, Словения жана Хорватиянын президенттери барат.

Быйыл Европа Биримдигин Сирия, Ирак, Ооганстан жана Африка өлкөлөрүндөгү атуулдук кагылышуулар менен жакырчылыктан качкан жүз миңдеген мигранттар каптап, аларды жайгаштыруу иши чоң кыйынчылык жаратууда. Качкындардын агымы азыр да басылбай жатат.

XS
SM
MD
LG