Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:29

Футбол: Кыргызстан Тажикстанга бир гол киргизди


Кыргызстандын оюнчусу Бактияр Дүйшөбеков оюн жаңы башталган жетинчи мүнөттө Тажикстан командасынын дарбазасына гол киргизди.

Кыргызстан менен Тажикстандын улуттук курама командалары 2018-жылы боло турган дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында ойношууда.

Жалпы футбол тарыхында Кыргызстан менен Тажикстандын курама командалары 11 - жолу беттешет. Буга чейинки 10 таймашта Кыргызстан 2 жолу жеңип, 1 жолу тең ойноп, 7 жолу утулган.

Azattyk.kg сайты оюндун жүрүшүн Коомдук биринчи канал аркылуу түз алып көрсөтүүдө. Андан сырткары “Азаттык” радиосунун кабарчылары беттешке чейин жана кийин стадиондогу кырдаалды, көрөрмандардын ой-пикирлерин LIVE U форматында ыкчам маалымдашат.

XS
SM
MD
LG