Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:50

Чет өлкөлөрдө саат төрткө карата 1239 кыргызстандык добуш берди


Туризм департаментинен кабарлашкандай, чет мамлекетте жүргөн жарандардан шайлоо тизмесине 15 миң 344 киши катталган. Ушул тапта алар 36 шайлоо участкасында добуш берип жатышат.

Шайлоо участкалары 26 мамлекетте: Орусия, Украина, Беларус, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжан, АКШ, Канада, Британия, Түндүк Ирландия, Белгия королдугу, Австрия, Германия, Түркия, Кытай, Жапония, Корея, Индия, Малайзия, Сауд Арабия, Кувейт, Бириккен Араб Эмирлиги, Иран, Пакистан, Ооганстан, Швейцарияда ачылып, шайлоочуларды кабыл алууда. (AzK)

XS
SM
MD
LG