Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:19

“Ата Мекен”: Биздин партияны каралоо аракети жүрүүдө


“Ата Мекен” партиясы алар шайлоочулардын добуштарын сатып алууга аракет кылууда делген маалыматтарды төгүнгө чыгарды. Партия тараткан кайрылууда “24.kg" маалымат сайтына чыккан “Жалал-Абад шаарында “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү кармалып, анын жанынан акча төлөнгөн шайлоочулардын тизмеси жазылган кагаз табылды” деген маалымат чындыкка дал келбей тургандыгы белгиленген. "Биздин партияны жана биздин үгүтчүлөрдү каралоо аракеттери жүрүп жатат” деп айтылган партиянын билдирүүсүндө.

Ошондой эле “Ата Мекен” саясий партиясы эки күндөн бери Бишкекте жана Жалал-Абатта партияны ачык каралоо жүрүп жатканын да белгилөөдө.

Партия өзүнүн тарапкерлерин жана атаандаштарын тынчтыкты сактоого чакырып, чагымчылыкка алдырбоого үндөгөн.

Айрым маалымат каражаттары "Ата Мекен" партиясы Бишкекте да шайлоочуларды сатып алууга аракет кылууда деп жазышкан. Партия ал маалыматтарды да төгүнгө чыгарды.

Бүгүн Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жүрүп жатат. Ага 14 саясий партия ат салышууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG