Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Сузактагы №2047 шайлоо участогу түштөн кийин иштебей турду


Райондун Ырыс айылындагы №2047 шайлоо участкасында техника бузулуп, шайлоо 4 сааттан ашык убакытка үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу аталган айыл округдун башчысы Кадыралы Исманов "Азаттыкка" билдирди.

Аппарат бузулганга чейин участоктогу 300 жашоочу добуш берген. Айыл округ башчысы добуш берүү участогунда кайра аппарат оңдолуп, шайлоо калыбына келтирилгенин кошумчалады. Маалыматка ылайык, бузулууга электрондук үкөктүн системасы бузулушу негиз болгон.

Сузактагы №2047 Ырыс шайлоо участогунда 1600дөн ашуун шайлоочу бар.(RsK;ZKo)

XS
SM
MD
LG