Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:02

Радикалдык партия курама өкмөттөн чыгат


Радикалдык партиянын лидери Олег Ляшко (ортодо) парламенттин сессиясы кезде. 1-сентябрь 2015
Радикалдык партиянын лидери Олег Ляшко (ортодо) парламенттин сессиясы кезде. 1-сентябрь 2015

Украинанын Радикалдык партиясынын лидери Олег Ляшко анын партиясы курама өкмөттөн чыгарын билдирди. Анын айтымында, оңчул партия Конституцияга жикчил Донбасстын айрым райондоруна өзгөчө макам берүүгө жол ачкан түзөтүү киргизүүгө каршы, себеби ал мыйзам кабыл алынса, өлкөнүн төбөлсүздүгүнө коркунуч жаратат деп эсептейт. Ляшко октябрдагы жергиликтүү шайлоодо борбордук бийликти жергиликтүү башкаруу органдары менен бөлүшүү боюнча референдум өткөрүүгө чакырды.

Улутчул партия 302 орундуу парламенттик коалицияда 21 мандатка ээ. Президент Порошенко сунуш кылган мыйзам долбоорун 31-августта биринчи окууда 265 депутат колдогон. Мыйзам долбоорун экинчи жана финалдык окууда кабыл алуу үчүн 300 добуш керек.

Орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөгөн Донбасстын айрым бөлүктөрүнө өзгөчө макам берүү февралда Минскиде макулдашылган тынчтык келишиминде каралган.

XS
SM
MD
LG