Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:12

Казакстан парламентинин күзгү сессиясы Назарбаевсиз ачылды


Президент Н. Назарбаев (оңдо) жана Кытай президенти Си Цзинпин (солдо) Бээжиндеги күтүп алуу аземи маалында. 31-август, 2015
Президент Н. Назарбаев (оңдо) жана Кытай президенти Си Цзинпин (солдо) Бээжиндеги күтүп алуу аземи маалында. 31-август, 2015

Парламенттин жыйынын салт боюнча жыл сайын президент Назарбаев аччу. Нурсултан Назарбаев 30-августта Бээжинге мамлекеттик сапарга кеткендиктен, жыйынды Мажилистин (Төмөнкү палата) төрагасы Кабибулла Жакупов өзү айткандай, “президенттин тапшырмасы менен ачты”.

Назарбаев Бээжинде 3-сентябрда өтчү Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына арналган Жеңиш парадына катышат.

Назарбаев Бээжиндеги пресс-конференцияда “узак жылдардан бери биринчи мертебе Мажилистин ачылыш сессиясына катыша албаганын”, депутаттар 57 мыйзамды кабыл алышы керек экенин айтты. Мажилис Казакстан парламентинин ылдыйкы палатасы. Анын 107 мүчөсүнүн 87си Назарбаев башындагы “Нур Отан” партиясынан.

XS
SM
MD
LG