Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:19

Сирияда жараланган жигит Түркиядан Кыргызстанга которулду


Сирияда жараланып Түркия ооруканасында дарыланып жаткан 1995-жылы төрөлгөн Жалал-Абад шаарынын тургуну Кыргызстанга которулду. Мындай маалыматты УКМКнын облустук башкармалыгы таратты.

Маалым болгондой, ушул жылдын башына Орусиянын Грозный шаарына акча табууга кыргызстандык жаран террорчул уюмдун өкүлдөрүнө алданып, Түркия аркылуу Сирияга кеткен. Орто Азия жаматтарынын лагеринде даярдыктан өтүп жаткан кезде денесине ок тийип, майып болуп калган. Ал атайын кызмат аркылуу Кыргызстанга алынып келинген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

Облус аймагында жыл башынан бери 83 жарандын Сирия жана Ирактагы кандуу кагылыштарга кеткендиги аныкталган. УКМКнын облустук башкармалыгы бул багытта быйыл 184 жолу ар түрдү багыттагы түшүндүрүү иштерин алып барышкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG