Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:43

Германия Европадагы миграция кризисин чечүү жолдорун сунуштайт


Ангела Меркел
Ангела Меркел

Канцлер Ангела Меркел Берлин 24-сентябрга чейин миграция кризиси менен күрөшүү үчүн толук иш-мерчемдерин жарыялай турганын билдирди. Ага ылайык, Германия быйыл болжол менен 800 миңдей качкынды кабыл алат. Бул 2014-жылдагы көрсөткүчтөн жана Европа Биримдигиндеги башка өлкөлөргө салыштырмалуу алда канча көп.

31-августта журналисттер алдында сүйлөгөн Меркел Евробиримдикке кирген башка өлкөлөрдү да Германияга келген бозгундардын бир бөлүгүн кабыл алууга чакырды. Ошондой эле Жер ортолук деңизи аркылуу мигранттар агыла келип жаткан Италияга көмөк көрсөтүү зарылдыгын белгиледи. Канцлер айым ошондой эле Словакия сыяктуу айрым мамлекеттер мусулман өлкөлөрүнөн келип жаткан качкындарды кабыл албай жатканы үчүн сындап, качкындар маселеси Европа Биримдигине жалпы адам укуктары идеалдары үчүн сынак экенин белгиледи.

БУУнун эсебинче, быйыл Европага Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкадагы от күйгөн аймактар менен экономикалык кыйынчылыкка тушуккан өлкөлөрдөн 300 миңдей качкын келген.

XS
SM
MD
LG