Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Киевдеги башаламандыктан бир жоокер мерт болду


Киевдеги тополоң, 31-август, 2015.
Киевдеги тополоң, 31-август, 2015.

Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков бүгүнкү парламент алдындагы жарылуудан жаракат алган Улуттук гвардиянын бир жоокери мерт болгонун билдирди. Медициналык кароолор парламент имаратын коргоп турган бул жоокер кол гранатанын жарылуусунан алган жаракатынан жакшы болбой, кете бергенин аныктаган.

Аваков ошондой эле жаракат алган төрт кызматкеринин абалы оор экенин, анын бири жарылууда эки бутунан ажыраганын, кагылышууда дагы 90дон ашуун полиция кызматкери ар кандай жаракат алганын айткан.

Киевдеги тополоң Жогорку Рада бүгүн конституцияга өлкө чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге көбүрөөк автономия берген өзгөртүү киргизүүнү колдоп добуш берген соң башталган. Ага чейин парламент алдында мындай өзгөртүүгө каршы акция өтүп жаткан.

Митингчилер конституцияга өзгөртүү киргизүү колдоо тапканын уккан соң, полиция тосмосун бузуп, имаратка кирүүгө аракет жасаган жана ага жооп катары көздөн жаш агызчу газ атылган. Мындан соң парламент алдында граната жарылып, ызы-чуу күчөп кеткен.

Киев полициясы гранатаны ыргытууга шектүү жаран кармалганын кабарлады. Кагылышуу маалында мындан сырткары дагы 30 чакты демонстрант кармалган.

XS
SM
MD
LG