Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:24

Кулов шайлоо фондуна өз чөнтөгүнөн 50 миң доллар бөлдү


Бул тууралуу “Ар-намыс” партиясынын жол башчысы Феликс Кулов “Азаттыкка” курган маегинде билдирди. Ал "алтын ондук" жана "алтын мандат" деген түшүнүктөр да, партияны колдоп турган демөөрчүлөр жок экенин айтты. Буга чейин КСДП лидери Чыныбай Турсунбеков партияны колдоп турган демөөрчүлөр бар экенин ырастаган.

“Азаттык” шайлоо алдында партия лидерлеринен маектерди уюштурган. Буга чейин “Эмгек Бүтүн Кыргызстан”, “Ата Мекен”, КСДП, “Республика Ата-Журт”, “Кыргызстан”, “Бир бол” партияларынын лидерлеринин маеги чыккан. Аны менен толугурак www.azattyk.kg сайтынан, “Шайлоо” баракчасынан таанышсаңыз болот.

Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Анда 14 партия ат салышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG