Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:04

Жетекчиликтеги кризиске тушташ Талибандын мартабалуу өкүлү кызматтан чегинди


Талибандын Катардагы саясий кеңсесинин директорлугунан кетип жатканын Саид Мохаммад Тайаб Агха атайын билдирүү аркылуу жарыялады.

Талибандын Катардагы өкүлчүлүгү ал ооган өкмөтү менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзө алуусу үчүн уюшулган эле. Өкүлчүлүктүн кызматтан кеткенин жарыялаган башчысы Саид Мохаммад Агханын айтымында, молдо Мохаммад Омордун 2013-жылдагы өлүмүн жашыруун кармоо чечими “тарыхый жаңылыштык” болду. Молдо Омор 2013-жылы эле өлгөнүн Талибан өткөн аптада ырастаган болчу.

Ага катар молдо Омордун узактан берки орун басары, молдо Мохаммед Ахтар Мансур уюмдун жаңы лидери болот деген жарыя Талибандын бир катар башчыларын кыжырлантты. Жаңы дайындоону молдо Омордун бир тууганы да четке какты.

Маалыматтарга караганда, талибдердин бир нече колбашчысы жетекчиликтеги кырдаал ачыкка чыкмайынча өкмөттүк күчтөр менен урушту токтоткон. Катардагы кеңсенин башчысы Агха өз билдирүүсүндө белгилегендей, Талибандын жаңы лидери өлкөнүн ичинде “каарман можахеддердин” катышуусунда дайындалуусу керек.

Бул аралыкта ооган өкмөтү Талибан менен анын жетекчилигинде кризис өкүм сүрүп жаткан шартта сүйлөшүүлөрдү улантпай турганын жарыялады. (UE)

XS
SM
MD
LG