Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:40

"Талибан" кыймылы Молдо Омардын өлгөнүн тастыктады


“Талибан” кыймылынын өкүлү Забиулла Муджахид талиптердин лидери Молдо Омар ооруга байланыштуу каза болгонун 30-июлда тастыктады. "Ушуга байланыштуу талиптер Ооганстандын өкмөтү менен талиптер сүйлөшүүгө барбайт" деди ооган маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө.

Буга чейин “Талибан” кыймылы менен ооган бийлиги ортосунда тынчтык келишим боюнча сүйлөшүү өтөөрү кабарланган. Сүйлөшүү Кытайдан же Пакистандын аймагында өтөөрү айтылган эле.

Кийинчерээк талиптердин лидери, молдо Омардын өлтүрүлгөнү боюнча Кабул маалымат тараткандан кийин “Талибан” кыймылынын сүйлөшүү өткөрүү тууралуу аракеттери белгисиз болуп калган. 29-июлда Ооганстандын бийлиги "Талибан" кыймылынын башчысы Молдо Омар «табышмактуу жагдайда өлгөнүн» билдирген.

Молдо Омар эл алдына 2002-жылдан бери чыга элек болчу. Бул жумада ооган басылмалары ал эки жыл мурда эле өлгөнүн жазып чыгышты. Пакистан маалымат каражаттары бул имиштер Исламбадда өкмөт жыйынында да талкууланганын жазышты.

Ал арада Молдо Омардын ордун талиптердин башка бир көзгө басар согушкери Ахтар Мохаммад Мансур дайындалышы мүмкүн деп кабарланууда. Кабулда буга чейин Омардын ордун уулу басары дагы айтылып келген. (ErN)

XS
SM
MD
LG