Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Таласта акимди жактаган айыл өкмөт башчылары иш ташташат


Талас районунун акими Райкан Өзүбековду кызматтан алуу маселеси көтөрүлүп жатканына райондогу айыл өкмөт башчылары, айылдык кеңештин депутаттары каршы. Эгер аким кызматтан алынса, Талас районундогу 11 айыл өкмөттүн башчылары иш таштоого даяр экенин "Азаттыкка" Кууганды айылдык кеңешинин депутаты Азиз Курамаев билдирди.

- Аким жакшы иштеп жатканы үчүн айыл өкмөттөрдүн иши алдыга жылды. Жайлоого кеткен жолдорду сүрдүрүп, өзүнүн жанынан каражат жумшап, көп иштерди жасады. Өткөн жылы кургакчылык болуп, эч бир айыл өкмөттө төө буурчак болбой калган. Ошондо дыйкандардын абалынан келип кабар албаган Сарпашев быйыл шайлоонун шарапаты менен алты жолу келип кетти - деген Курамаев Өзүбеков облустагы башка акимдерден жакшы иштегени менен айырмаланганын белгилейт.​

Жергиликтүү тургундар аким Өзүбековду кызматтан алууга облустук жетекчилик менен 1-вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевдин кызыкчылыгы бар деген ишенимде экенин Курамаев кошумчалады. Азырынча вице-премьер-министр Сарпашевден комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Талас районунун акими Райкан Өзүбеков жергиликтүү кеңештин кошмо жыйынында үч талапкердин ичинен бир добуш менен 2014-жылы шайланган. “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG