Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:15

Чүй облустук сотунда өрт чыкты


Жогорку Соттун басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, 30-июлга караган түнү Чүй облустук сотунун имаратында судьялардын биринин иш бөлмөсүндө өрт чыккан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал жерде жазык иштери күйүп, жоголгондугу маалымдалууда. Жогорку Соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева ушул тапта өрттүн себептерин аныктоо иштери жүргүзүлүп, кайсы иштер күйүп кеткени такталып жаткандыгын “Азаттыкка” билдирди.

Өрт боюнча “Ата Мекен” партиясынын маалымат кызматы да билдирүү таратты. Анда өрттүн чыгуу себептери тууралуу айрым журналисттер партиядан комментарий сурап жатканы айтылган. Партия логика боюнча алар өрт өчүрүү кызматына жана тартип коргоо органдарына кайрылышы керектигин белгилеген.

Бүгүн айрым маалымат каражаттарында өрт 2010-жылдын апрель айындагы мародерлук боюнча ишти карап жаткан судьянын иш бөлмөсүндө чыкканы айтылган. Анда мурунку ички иштер министри Зарылбек Рысалиев өрт “Ата Мекен” партиясынын лидеринин жалган көрсөтмөлөрү камтылган жасалма ишти жоготуу максатында жасалганын билдирген. Партия мындай билдирүүнүн артында шайлоо алдындагы кызыкчылыктар турарын билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG