Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Оштун автобекетин көчүрүү мөөнөтү кийинкиге калды


Оштун эски автобекетин шаар сыртына көчүрүү коопсуздук маселелеринен улам дагы кечеңдеди. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ош шаарынын вице-мэри Кутманалы Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, Ош шаардык кеңешинин депутаттары жаңы автобекеттин коопсуздук чараларын жакшырткандан кийин гана көчүрүү милдетин шаардык бийликке жүктөшкөн.

Учурда жаңы автобекеттин жанына курулган май куюучу жайды башка жакка көчүрүп, жаңы автобекеттин айланасын тосуу зарылчылыгы пайда болду. Автобекет ушул шарттар аткарылгандан кийин гана көчүрүлөт. Ош шаардык мэриясы калаанын экологиялык коопсуздугунан улам эски автобекетти көчүрүү боюнча чыгарган бир нече чечимдери аткарылбай, улам артка жылып келатат. (YI)

XS
SM
MD
LG