Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:52

Малайзия океанда табылган учактын сыныктарын изилдейт


Инд океанынын жээктеринде табылган учактын канатынын сыныктары бир жыл мурда сырдуу жагдайда жоголуп кеткен Malaysia Airlines авиакомпаниясынын учагыныкы болушу мүмкүн.

АКШнын учуу боюнча тергөө комиссиясынын өкүлү кабарлагандай, эксперттер Реюньон француз аралында табылган канаттын сыныктары кырсыкка кабылган учактын бөлүгү деп ырастоодо. Француз күч органдары да эки метрлик сыныкты изилдешүүдө. “Табылган бөлүктө идентификациялык номер бар экен. Биз ошого карап, жакынкы күндөрү так жооп айтабыз”, - деди авиация боюнча эксперт Ксавье Тительман.

Өткөн жылдын март айында учак көтөрүлгөндөн кийин бир сааттан кийин радардан көрүнбөй калган. 239 жүргүнчүсү бар учак Инд океанына кулап түшкөн деп болжолдонуп келет. (ErN)

XS
SM
MD
LG