Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:32

Тажикстан ЕАЭБге кирүүгө шашылбайт


Евразия экономикалык биримдигине кошулуу маселеси боюнча Душанбе чечим чыгарууга ашыкпайт. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджидин Аслов атайын маалымат жыйында билдирди.

Министрдин айтымында, учурда Тажикстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн оң жана терс жактары иликтенип жатат. «Биз бул уюмга кирсек эмне пайда табабыз жана эмнени жоготобуз, ошону аныктап алышыбыз керек», - деди Аслов. Ал ошондой эле ЕАЭБге кошулуу процессинде ооган фактору да изилденип жатканын билдирди.

Буга чейин Тажикстан дагы ЕАЭБге кирери айтылган. Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине биротоло кирүүсүнүн шарттарын бекиткен документтерге 8-майда Москвада кол коюлган. (ErN)

XS
SM
MD
LG