Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:53

Эл аралык олимпиада комитети 2022-жылкы оюн ээсин аныктайт


Эл аралык олимпиада комитетинин аткаруучу кеңешинин мүчөлөрү Малайзиянын баш калаасы Куала-Лумпурда чогулду.

Комитеттин президенти Томас Бах төрагалык кылган эки күндүк жыйында 2020-жылы Жапонияда өтө турган жайкы олимпиадалык оюндарга даярдык талкууланат жана эң башкысы 2022-жылкы Кышкы оюндардын кайсы шаарда өтөөрү аныкталат.

Учурда оюндарды өткөрүүгө Бээжин менен Алматы шаарлары талапкер.

Акыркы чечим 31-июлда чыгат. Куала-Лумпурга барчу казакстандык делегациянын курамында көркөм муз тебүү боюнча Лондон олимпиадасынын коло медалынын ээси Денис Тен жана волейболчу кыз Сабина Алтынбекова да бар. Малайзиядагы чечүүчү жыйын жума күнү Алматыдагы Абай аянтында түз көрсөтүлөт.

XS
SM
MD
LG