Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:56

Крымдык татар лидерлери Орусия ыдык көрсөтүп жатканын айтып чыкты


Ушул эс алуу күндөрү Анкарада өтчү Дүйнөлүк конгресске катышуу үчүн бараткан Крым татарларынын лидерлерин Орусиянын тергөөчүлөрү суракка чакырышты. Крым татарларынын курултайынын борбордук шайлоо комиссиясынын жетекчиси Заир Смедляев менен Крым татарларынын өз алдынча башкаруу органынын биринчи орун басары Нариман Желалды Москвадан келген тергөөчүлөр суракка алган. Бул тууралуу алар Фейсбуктагы баракчасына жазышты.

Смедляев муну 2014-жылдын башында Крым Орусияга кошулуусуна нааразы болгон татарлардын жана украин активисттердин парламент алдындагы жыйынына да байланыштырды. Ал ошондой эле бул суракты аларды Дүйнөлүк конгресске катыштырбоо аракети катары мүнөздөдү.

Өткөн жылдын март айында Крымды Орусия аннексиялап алгандан бери жарым аралда жашаган татарларга кысым күчөгөн. Ал тургай бир нече лидери кызматынан четтетилип, Межилистин жетекчи орун басары Ахтем Чигоз баштаган бир нече татар "массалык башаламандык уюштурган" деген айып менен камакка алынган. Ушул жылдын башында болсо Крымдагы татарлардын бир нече ММКсы жабылган.

Бириккен улуттар уюму Крым Украинанын карамагында каларын атайын резолюцияда эскерткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG