Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:19

“Азов” батальону штаб зардалынын орун басарын жоготту


"Азов" батальону менен "Оң сектордун" Киевдеги жүрүшү. Киев, 3-июль 2015
"Азов" батальону менен "Оң сектордун" Киевдеги жүрүшү. Киев, 3-июль 2015

“Азов” батальонунун бийик даражалуу командиринин өлүгү Киевдин четиндеги батиринен табылды. Мурдагы ыктыярдуу аскерий бөлүктүн жарандык штабынын акиминин орун басары Ярослав Бабичтин асылып өлгөн денеси 26-июлда таңга жуук табылганын батальондун маалымат кызматы Твиттерде маалымдады.

“Азов” батальону 2014-жылы Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдерге каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн. Азыр Ички иштер министрлигинин курамындагы Улуттук гвардиянын бөлүгү.

Ярослав Бабичтин өлүмү боюнча тергөө башталды.

XS
SM
MD
LG