Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:10

Хорватия Словения менен чек ара сүйлөшүүсүн токтотууну каалайт


Хорватия жана Словения ортосундагы талаштуу аймак.
Хорватия жана Словения ортосундагы талаштуу аймак.

Бул тууралуу 27-июлда премьер-министр Зоран Миланович билдирди. Буга барууга арбитраждык соттун словениялык мүчөсүнүн өкмөттүк чиновник менен сүйлөшүп, эреже бузганы “жараянга көлөкө түшүргөнү” негиз берери айтылат билдирүүдө. Бул окуя коомчулукка билинип калгандан кийин Ерней Соколес кызматтан кеткен. Словения арбитраждык сотту сактоо үчүн жаңы адамды дайындарын билдирген. Бирок Миланович “биз соттон чыгышыбыз шарт” деп кесе айтты.

Загреб жана Любляна 19 жылдан бери 13 чарчы км жердин башын ача албай жүрүшөт.

Арбитраждык сот 2011-жылы Хорватиянын Евробиримдикке мүчө болуп өтүүсүнө көмөктөшүү үчүн түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG