Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

АКШ Саакашвилинин жаңы командасына каржылык жардам көрсөтөт


Украинанын Одесса облусунун губернатору Михаил Саакашвили, анын жаңы командасынын маянасына кете турган каражатты америка өкмөтү бөлүп берээрин жарыялады. Ал мындай келишимге АКШнын Украинадагы элчиси Джеффри Пайет менен жолугушууда макулдашканын билдирди. Саакашвилинин айтымында, акча коррупцияга каршы күрөшүү программасына алкагында бөлүнөрүн белгилеп, каражаттын суммасын ачыктаган жок.

Саакашвил ошондой эле «Фейсбуктагы» баракчасында АКШнын атайын кызматтары Одессанын полициясын окутарын да жар салды.

Украинанын президент Петро Порошенконун атайын жарлыгы менен 30-майда Саакашвили Одесса облусунун губернатору болуп дайындалган. Ал келээри менен облустун башкаруучу органдарын, анын ичинде күч кызматтарынын жетекчилерин кызматтан алган.

Грузияны 2004-2013-жылдары башкарган Михаил Саакашвили өлкөдөн эки жыл мурун чыгып кеткен. Бул өлкөнүн жаңы бийлиги экс-президентке кылмыш ишин козгоп, кызмат абалынан ашыкча пайдаланган жана парламент депутатына кол салууну уюштурган деген айып таккан. Өткөн жылы августта Грузиянын Башкы прокуратурасы Саакашвилиге эл аралык издөө жарыяланганын билдирген. Жума күнү Тбилисинин соту Саакашвилиге козголгон кылмыш ишти кыскартуу боюнча өтүнүчтү четке каккан. (ErN)

XS
SM
MD
LG