Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Казакстанда кыргыз мушкерлери мыкты натыйжа көрсөттү


Мелдештен бир көрүнүш.
Мелдештен бир көрүнүш.

Атырау шаарында өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште кыргызстандык мушкерлер эки алтын, үч күмүш жана эки коло байгени жеңип алды. Бул тууралуу Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Адылхан Бекболотов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Казакстандын Бокс федерациясынын ардактуу президенти Аскар Кулибаевдин байгесине арналган VIII эл аралык мелдеш 1-6-июль күндөрү өтүп, ага тогуз өлкөдөн 111 мушкер катышты. Алар 10 салмак даражасында күч сынашты.

Кыргызстандан бул мелдешке жети мушкер барган, алардын баары байге менен кайтты.

Коло байгелерди Рахманкул Аватов менен Азат Усеналиев алса, күмүш медалды Турат Осмонов, Өмүрбек Малабеков жана Акжол Сулайманбек уулу тагынды. Эрмек Сакенов жана Чыңгыз Борбашев сириялык атаандаштарын финалда утуп, алтын байгенин ээси болушту. Турнирдин мыкты мушкери наамы Эрмек Сакеновго ыйгарылды.

Командалык эсепте Өзбекстан биринчи, Кыргызстан экинчи, Казакстан үчүнчү орунду алды. (ECh)

XS
SM
MD
LG