Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:59

“Прогресс” кемеси Эл аралык космостук станцияга туташты


Орусиянын “Прогресс М-28М" космостук кемеси Эл аралык космостук станцияга ийгиликтүү туташты. Аталган кеме Казакстандагы Байкоңур космодромунан жума күнү учурулган. “Прогресс М-28М" Эл аралык станцияга дээрлик 2,5 миң килограммдык ар кандай жүк, отун, жабдуу, тамак-аш аба жана суу жеткирди. Ал жактан таштандыларды кайра алып түшүшү керек. Мындан мурдагы кеме 28-апрель күнү учурулган. Бирок Жер менен байланыш үзүлүп, тийиштүү орбитага жете албаган кеме эч кандай көзөмөлсүз кайра кулаган.

Орусиянын “Роскосмос” мекемеси 7-майга чейин “Прогресс” Жер атмосферасына кирип, күйүп жок болорун маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG