Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:53

Атайын топ Үркүндө каза болгондордун сөөгүн издөө үчүн жөнөп кетти


Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды. Өткөн жылы Ак-Шыйрак кыштагынын жанындагы көрүстөнгө 1916-жылы Үркүн маалында Кайчы, Бедел ашууларында набыт болгондордун сөөктөрү арууланып кайра коюлуп, куран окулган. Каптагев быйыл биринчи жолу чыгыш тарапка экспедиция уюштурулганын, Сары-Жаз, Ашуу-Төрдүн жогору жагына жана ашууга чейин барышарын жазды. Эгер аталган жайлардан набыт болгондордун сөөгү табылса жерге берүү жөрөлгөсү жасалып, атайын белги коюлат.

Үркүндө каза болгондордун сөөгүн издөө иш-чарасы 1916-жылдагы каргашалуу окуялардын 100 жылдыгына байланыштуу өкмөттүн планы менен уюштурулууда.

Май айында президент Алмазбек Атамбаев окуяга тарыхый жактан объективдүү баа берүү үчүн президентке караштуу тарых илимин өнүктүрүү комиссиясынын базасында жумушчу топ түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Өкмөткө ашууларда каза тапкандардын сөөгүн жерге берүү, эстеликтерди орнотуу тапшырмасы берилип, президенттик фонддон жалпысынан 10 миллион сом бөлүнгөн.

1916-жылы орус падышачылыгынын жазалоочу отряддарынын мыкаачылыгынан Нарын, Чүй жана Ысык-Көлдөгү кыргыздар Кытай тарапка качууга аргасыз болгон. Тарыхчылардын айтымында, бул окуялардан аймактагы калктын саны 40% азайган. Совет учурунда Үркүн тууралуу чыныгы маалыматты жашыруу саясаты жүргүзүлүп, ага объективдүү баа берилген эмес. (KЕ)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG