Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

Грецияда бүгүн “Жымжырттык күнү”


Грецияда 5-июль күнү чукул референдум өтөт. Мунун алдында бүгүн “Жымжырттык күнү” жарыяланды. Ар кандай саясий акцияларды өткөрүү, сурамжылоо жүргүзүү токтотулду. Референдумда жарандар өлкөнүн Европа биримдигинен чыгышына пикирлерин жана мамлекет үчүн дагы карыз алууга макул же каршы экендиктерин билдиришет.

Грециянын каржы министри Янис Варуфакис Испаниянын El Mundo гезитине берген интервьюсунда эл аралык насыячыларды “терроризмге” айыптаган. Кечээ, 3-июлда премьер-министр Алексис Ципрас Афиныда миңдеген тарапкерлеринин алдында сөз сүйлөп жатып референдумда “жок” деп добуш берүүгө үндөгөн. Ал өзүнүн каршылаштары утуп чыкса кызматтан кетерин айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG