Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:49

Бразилияда 2016-жылдагы Олимпиада оюндарынын факели көрсөтүлдү


Бразилиянын президенти Дилма Руссефф 2016-жылдагы Олимпиада оюндары үчүн жагылчу факелдин дизайнын көрсөттү. Ал күн, жер, деңиз жана жашыл адырдын элесин берген төрт бөлүктөн турат. Анын айтымында, 12 миңдей киши факелди көтөрүп, Бразилиянын 300 шаарын аралап өтөт. “Оюндун башталышына 399 күн калды. 5-августта дүйнө жүзү олимп оту күйгөнүн көрүшөт”, - деди Руссефф.

Олимп отунун эстафетасы 2016-жылдын май айында Бразилиянын борборунда башталып, Риодогу Маракана стадионунда аяктайт. Олимпиаданын ачылышы да ушул жерде болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG