Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:14

Назарбаев Казакстанда "кол тийбестер" жок экенин туугандарына эскертти


Бул тууралуу Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев 1-июлда казак телеканалдарында көрсөтүлгөн өзү тууралуу документалдуу фильмде айтты.

«Казакстанда эч ким кол тийбес экенин, кимдир бирөө башкадан артык эмес экенин мен туугандарыма, балдарыма жана досторума эскертем»,-деди Назарбаев.

Даректүү тасмада Назарбаев ошондой эле өлкөдөгү партияларды саясий ишмердүүлүгүн активдештирүүгө чакырды. «Алар өздөрүнүн программасы аркылуу элдин колдоосуна ээ болсун жана өз адамдарын көтөрмөлөсүн» деди президент.

Фильмдин авторлору белгилегендей, Казакстандын президенти бул жолу жаңы саясий сырлар жөнүндө айтып берди.

Назарбаевдин улуу күйөө баласы, Казакстандын Австриядагы мурдагы элчиси Рахат Алиев 2007-жылы кылмыш иши козголуп, «Нурбанк» ишканасынын эки топ-менеджерин уурдаган жана өлтүргөн деп айып коюлган. Кийинчерээк ага мамлекетке чыккынчылык жасаган жана төңкөрүш жасоого аракет кылган деген кине да тагылган. Алиев өлкөдөн качып кеткендиктен кийин 40 жылга сыртынан эркинен ажыратылган. 2014-жылдын жайында Рахат Алиев Австрияда кармалган. 2015-жылдын февраль айында ал Австрияда түрмөдө асынып алган. (ErN)

XS
SM
MD
LG