Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:49

"Газпром" 1-июлдан тарта Украинага газ берүүсүн токтотту


Бул тууралуу "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер бүгүн кабарлады. Анын айтымында, Киев бул ай үчүн көгүлтүр отунга акча төлөгөн жок, ал эми «Газпром» алдын ала акча төлөнбөсө газды бербейт.

Кечээ Украина 1-июлдан тарта Орусиядан газ алуусун токтотоорун жарыялаган. Украина, Орусия жана Еврокомиссиянын Венадага сүйлөшүүлөрдө бир келишимге келе албаганы үчүн ушундай чечимге келгенин украин бийликтери тастыктаган. Москва менен Киев андагы жолугушууда Украинага газ берүү боюнча бир пикирге келе алган эмес.

Орусия Украинага көгүлтүр отундун миң кубметрине 40 доллардан жеңилдик берилерин айтса, Украина мурдагыдай эле 1000 кубметр газ үчүн 100 доллардан арзандатууну сураган. (ErN)

XS
SM
MD
LG