Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:42

Сариев Карим Масимовду Кыргызстанга чакырды


Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев бүгүн Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен жолугуп, эки тараптуу кызматташууну талкуулады. Жолугушууда Сариев Евразия өкмөттөр аралык кеңешин Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштап, анын алкагында Масимовду расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Ошондой эле жолугушууда ЕАЭБ келишимдерин ратификациялоону эртелетип берүү өтүнүчү айтылды. Мындан сырткары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташууну жакшыртуу маселелери сүйлөшүлдү.

Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсүнүн шарттарын караган соңку макулдашууларга 8-майда Москвада кол коюлган. 20-майда кыргыз парламенти буга тиешелүү документтерди ратификациялаган. Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү боюнча келишимдердин топтомуна 21-майда кол койгон.(KE/ZKo)

XS
SM
MD
LG