Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Темир Сариев Астанада Беларустун өкмөт башчысы менен жолукту


Кыргызстандын өкмөт башчысы Темир Сариев жолугушуу учурунда Беларус өкмөтүнөн ЕАЭБ келишимдерин ратификациялоону эртелетип берүүнү өтүндү.

Беларус өкмөт башчысы Андрей Кобояков Сариевдин бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, эки тараптуу кызматташууну жандантууга үмүт артарын айтты. Ошондой эле Беларустан техника, кумшекер экспорттоого, ал эми Кыргызстандан сапаттуу пахта алууга кызыкдар экенин билдирди.

Казакстанда 29-майда Евразия өкмөттөр аралык кеңештин жана КМШ өкмөт башчыларынын жыйыны өтөт. Аны утурлай Астанага барган Кыргызстандын өкмөт башчысы бүгүн кечке жуук Казакстандын премьер-министри Карим Масимов менен да жолугушары күтүлүүдө. (KE/ZKo)

XS
SM
MD
LG