Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:49

Орусияда тынч кезде аскерде каза тапкандар тууралуу маалымат купуяланды


Орусия президенти Владимир Путин коргоо министрлигинин "бейпил кезде атайын операциялар учурунда каза тапкандар" тууралуу маалыматын купуяландыруу боюнча жардык чыгарды. Буга чейин өлкөдө согуш учурундагы аскердик жоготуулар тууралуу маалыматтар гана мамлекеттик сыр болуп келген.

Орусия мыйзамдары боюнча мамлекеттик сырды жарыялагандар жети жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мандай өзгөртүүлөр Украинанын чыгышында өкмөттүк күчтөр менен орусиячыл жикчилердин урушуна орус аскерлери да аралашып жатканы тууралуу айыптоолор болуп жаткан учурда киргизилди. Бирок Москва мындай айыптоолорду четке кагып келет. Буга чейин Орусия каза тапкан аскерлердин сөөгүн Украинадан жашыруун алып чыгып көмүп жатканы тууралуу да маалыматтар айтылган.

XS
SM
MD
LG