Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

23 кыргыз аскери БУУнун тынчтык орнотуу күчтөрүндө кызмат өтөөдө


Кыргызстандык жыйырма үч офицер учурда БУУнун тынчтык орнотуу күчтөрүнүн катарында кызмат өтөп жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кыргызстандык тынчтык орнотуучулар учурда Либерия, Судан жана Гаитиде кызмат өтөөдө.

Министрликтин маалыматында, Кыргызстан эгемендик алгандан бери 100дөн ашык жоокер тынчтык орнотуу миссиясын аткарып келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG