Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:23

Учак кыймылдаткычтарынын сатылышы боюнча иш козголду


“Манас” аэропортуна таандык ТУ-154 учагынын үч кыймылдаткычынын арзан баада сатылып кетишине байланыштуу кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты. Маалыматка ылайык, “Манас” аэропортунун алдындагы “М.Т.Ц” компаниясына таандык учактын үч даана кыймылдаткычын 7500 долларга сатылып кеткен. Көз карандысыз баалоочулар алардын ар бирин баасы 14 миң доллардан жогору турарын аныкташкан.

Мындай жол менен “М.Т.Ц” компаниясынын жетекчилиги мамлекетке 37 миң доллар чыгым келтирген деген кине боюнча кылмыш иш козголуп, тергөө башталды. (BkA)

XS
SM
MD
LG