Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Атамбаев: Мамлекет армияга кам көрүүнү жакшыртат


Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев бүгүн Көк-Жаңгак шаарындагы аскер бөлүгүнүн жаңы имаратынын ачылышындагы сөзүндө билдирди.

"Буга чейин кыргыз армиясы өтүксүз калып, сырттан жардам сурап жүргөн. Эми армияга мамлекет көңүл бөлөт. Күзгө чейин аскерлер толугу менен жаңы аскердик форма менен камсыздалат" деди Атамбаев.

Ошондой эле курал-жаракты жаңыртуу маселеси жолго коюлуп жатканын кошумчалады.

Көк-Жаңгактагы аскер бөлүгүнүн имараты 2012-жылы курула баштаган. Ага 300 миллион сом жумшалды. (RsK/BkA)

XS
SM
MD
LG