Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Милиция кызматкерлеринин чатагы боюнча териштирүү жүрүп жатат


Бишкектин Ленин райондук милициясынын эки кызматкеринин чатагы боюнча кызматтык иликтөө жүрүүдө. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аталган кызматкерлер эс алуу үчүн тоого чыккан. Ал жактан чырлаша кетип, бири экинчисине бычак шилтеген. Учурда жараат алган кызматкер Бишкектеги №4 ооруканага түшкөн. Абалы канаттандыраарлык экени айтылууда.

Шаардык милициядан иликтөөнүн жыйынтыгына жараша чатакташкан кызматкерлердин жоопкерчилиги караларын билдирди.

Бул милиция кызматкерлеринин курал колдонгон алгачкы чырлашуусу эмес. Өткөн апталарда Чүй облустук жол кайгуул кызматынын эки кызматкери чырлашып, бири экинчисин кызматтык тапанча менен атып жиберген. Бул боюнча премьер-министр Темир Сариев чукул жыйын өткөрүп, милиция кызматкерлеринин тартиби тиешелүү деңгээлде эмес деп сынга алган эле. (BkA)

XS
SM
MD
LG