Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:23

Ошто “Барсбек Каган” драмасы өзбек тилинде коюлат


Жазуучу Султан Раевдин “Барсбек каган” аттуу чыгармасынын негизинде даярдалган спектакль 7-майда Оштогу Бабур атындагы өзбек драмалык театрында көрөрмандарга тартууланат. Чыгарма акысыз көрсөтүлөрүн аталган маданий мекемеден кабарлашты.

Буга чейин да Бабур театрынын артисттери Раевдин “Мекеге карай жол”, “Канышанын көз жашы” сыяктуу драмаларын сахналаштырган. Андан сырткары, Жалил Садыков, Чыңгыз Айтматов, Мар Байжиевдин калемине таандык чыгармаларды да театр аркылуу элге сунуштап келет. (SE)

XS
SM
MD
LG