Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:44

ИИМ: Мыйзамсыз паспорт алууга көмөктөшкөн кызматкер кармалды


Чүйдүн Сокулук райондук Социалдык фондунда жарандардын жеке маалыматтарын каттоо бөлүмүнүн башчысы кылмышка шектелип кармалды. Ал жарандардын мыйзамсыз паспорт алышына көмөктөшүп, атуулдардын жеке маалыматтарын өзгөртүүгө жардам берген деп шектелүүдө. Аны Ички иштер министрлигинин 5-башкы башкармалыгынын кызматкерлери колго түшүргөнүн аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, учурда мурда соттолгон, бирок аты-жөнүн өзгөртүп качып жүргөн ондогон адамдар бар. Ошондой эле паспортун алмашкандар арасында Орусиядан депортация болуп келгендер көп. (SE)

XS
SM
MD
LG