Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Түгөлбай Сыдыкбековдун айкелине сынак жарыяланды


Түгөлбай Сыдыкбеков
Түгөлбай Сыдыкбеков

Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу, академик Түгөлбай Сыдыкбековдун эстелигин орнотуу боюнча сынак жарыяланды. Тандоо сынагын “Жетимен” фонду, “Түгөлбай ата” коому жана “Түгөлбай Сыдыкбеков” атындагы коомдук фонд өкмөттүн 2013-жылдын 9-апрелиндеги буйругуна ылайык өткөрүүдө. Айкел 30-августка чейин сунушталышы жана 50 сантиметрден кем болбошу керек. Уюштуруучулар кабарлагандай, талапка жооп берген бир эмгек тандалып, аны жасаган скульпторго 100 миң сом сыйлык берилет.

Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Ысык-Көлдө төрөлгөн. 1997-жылы көз жумган. “Биздин замандын кишилери”, “Тоо балдары” романдары, “Зайыптар” үчилтиги жана башка чыгармалары коомчулукка белгилүү. (SE)

XS
SM
MD
LG