Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Бишкекте “Педофилия – 21-кылымдын чумасы” аттуу акция өтөт


Бир катар бейөкмөт уюмдар тарабынан уюштурулуп жаткан акция Максим Горький атындагы сейил бакта бүгүн саат 11де башталат. Катышуучулар бачабаздын сөлөкөтүн колдонуп, нааразылыгын билдиришет. Алар бийликке педофилдерге карата катаал чараларды тезинен иштеп чыгуу талабын коюшмакчы. Бул тууралуу “Калыс” саясий кыймылы билдирди.

Акцияны аталган уюмдан сырткары, “Ак-Санат”, “Намыс”, “Эл намысы”, “Баткен биримдиги”, “Эл ынтымагы”, “Кумтөр элдики” жана “Саруу жаштары” кыймылдары бирге уюштуруп жатат.

Соңку кездери өлкөдө балдарга карата зомбулук жана зордуктоо фактылары көбөйгөн. (SE)

XS
SM
MD
LG